2024-жылдын 4 айында Нарын облусуна 161,8 млн сом каржыланды
2024-жылдын 4 айында Нарын облусуна 161,8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлиги маалымдады.
Алар:
1. Теңдөөчү трансферт – 121,4 млн сом;
2. Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 5,3 млн сом;
3. Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 35,1 млн сом.
Мындан тышкары, Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 43,5 млн сом бөлүнүп берилди.
Жалпы – 205,3 млн сом