Сузактагы кырсык. Бишкекте дарыланып жаткан он баланын алтоосу ооруканадан чыгарылды
Сузактагы кырсыктан жаракат алып Бишкекте дарыланып жаткан он баланын алтоосу ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.
Дарыгердин айтымында, үйүнө чыгарылган бейтаптардын абалы канааттандырарлык.
“Учурда ооруканада төрт бала дарылануусун улантууда. Аларды дагы ушул жуманын аягына чейин үйүнө чыгарууну пландап жатабыз”, – деди Акылбек Маманов.
Башкы дарыгер белгилегендей, Бишкек шаардык балдар ооруканасына жаткырылган он баланын төртөөнө операция жасалган. Бирөөсү башынан, эки бала ээгинен жана бир бейтап бутунан операция болгон.