УКМК башчысы “Альфа” атайын багыттагы кызматынын жаңы үлгүдөгү техникалары менен таанышты
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ведомствонун орун басарлары менен биргеликте атайын бөлүктүн курман болгон жоокерлерин эскерүү максатында “Альфа” атайын багыттагы кызматына барды.
Атайын кызматтан маалымдашкандай, анда Ташиев кызматтын курал-жарак жана техникасынын жаңы үлгүлөрү менен таанышып, каза болгон жоокерлерди эскерди
Белгилей кетсек, 12-майда “Альфа” атайын кызматы тарабынан каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнү белгиленет. Анткени, 2006-жылы 12-майда “Альфа” атайын кызматы алгачкы аскердик жоготууларга учураган.