Кыргызстандан төрт айда 90 миңге жакын мал экспорттолду
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги 2024-жылдын 4 айында өлкөдөн экспорттолгон жана импорттолгон мал жандыктардын көрсөткүчтөрү камтылган маалыматтарды жарыялады.
Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстандан 80 миң 996 баш мал экспорттолгон:
бодо мал – 42 238 баш;
кой-эчки – 35 225 баш;
жылкы – 3 533 баш.
Ал эми өлкөгө 6 миңден ашык мал импорттолгон:
бодо мал – 4572 баш;
кой-эчки – 70 баш;
жылкы – 1484 баш.