Сузактагы кырсык. Айдоочу камакка алынды

 Сузактагы кырсык. Айдоочу камакка алынды

Сузак РИИБине 2024-жылдын 2-май күнү саат 14:00 чамасында Сузак районунун Көк-Арт а/ө Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда окуучу балдардын арасында Манас айтуу аземи болуп жаткан учурда, Жерге-Тал айылынын Жунусова көчөсүнүн тургуну 1976-ж.т Б.Ж өзүнүн башкаруусундагы “Хундай-Портер” автоунасын өчүрбөй токтотуп, автоунаадан түшүп кеткен мезгилде кокусунан автоунаасы жылып кетип “Манас” айтып жаткан окуучу балдарды сүзүп кеткендиги кабарлаган.

Аталган факты боюнча 2024-жылдын 2-май күнү Сузак РИИБдин маалыматтарды электрондук катоо журналына катталып, Жалал-Абад ОИИБдин, Сузак РИИБдин жетекчилиги, ыкчам тергөө тобу менен бирге чыгышып, окуя болгон жерге фото, видео каражаттарын колдонуу менен кароо жүргүзүлүп, тийиштүү материалдар топтолду.

Текшерүү учурунда Хундай-Портер автоунаасынын айдоочусу .1976-ж.т. Б.Ж. өз көрсөтмөсүндө, аталган окуя болгон учурда ал демөөрчүлүк кылып, кароо сынакка катышып жаткан балдарга бекер балмуздак таркатуу үчүн 7 коробка балмуздак жүктөп чыккандыгын, ал балмуздакты Жерге-Тал айылдык мектебинин директоруна кайсыл жерге жеткирип берейин деп суроо үчүн автоунаасын токтотуп автоунаадан түшүп телефон менен чалып жаткан учурда автоунаа ылдыйга жүрүп кеткендигин байкабай калып, өзү артынан кууп токтоткону жетишпей калгандыгын билдирген.
Ошондой эле, текшерүү учурунда Сузак райондук мамлекеттик адмнистрациясы жана Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы «Манас» эпосунун («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» ПЖ №126 Жарлыгын аткаруу максатында Көк-Арт айыл аймагынын Катмы эс алуучу жайында “Урааным Манас” кароо сынагынын райондук түрү өткөрүлуп, ал жерде райондун аймагынан 3000 окуучуну катышып жаткандыгы такталган.
Окуядан улам азыркы учурда жалпы 31 окуучу райондун аймагындагы Сузак, Октябрь айылдык ооруканаларына жана Жалал-Абад областтык ооруканалдарына кайрылган.
Кайрылган окуучулардын арасынан 18 окуучу ооруканага жаткырылып, алардын арасынан 4 окуучу Жалал-Абад областтык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө сынган жаракаттары менен жаткылырып, «оор» абалда деп эсептелүүдө. Ал эми, калган 13 окуучу амбулатордук түрдө медициналык жардам алып чыгып кетишкен.
Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбө болгон атуулдар такталып суралып, тийиштүү тергөө ыкчам иш аракеттери жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болгон окуяны ИИМ жетекчилиги көзөмөлгө алып, оордунан көзөмөлдөө үчүн кетти.
Учурда айдоочу камакка алынды, унаанын айдоочусунун кыймыл аракетинин мыйзамдуулугу каралат.

Аталган факты боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнын 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалар берилип, жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Тергөө амалдарын жүргүзүүдө шектүү катары Сузак районунун тургуну 1976-ж.т. Ж.Б. суралып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Связанный пост