«Түштүк-Батыш» бажысы дээрлик 1,5 миллион сомдук зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт койду

«Түштүк-Батыш» бажысы дээрлик 1,5 миллион сомдук зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу МБКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери «Ош» эл аралык аэропортунда «Стамбул-Ош» каттамы боюнча келе жаткан жүргүнчүлөрдү бажылык контролдоонун алкагында, 1973-жылы туулган «А.М.Л.» аттуу Кыргыз Республикасынын жараны жалпы салмагы 298 граммды түзгөн – зер буюмдарды (шакек, чынжырча, сөйкө жана билерик) товарларды бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармады.

Кармалган зер буюмдардын орточо базар баасы 1 482 978 сомду түзгөн.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, чогултулган материалдар Кыргыз Республикасынын Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Связанный пост