Жетим балдардын мураска болгон укугунан ажыраткан нотариуска карата кылмыш иши козголду
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасы тарабынан балдар жөнүндө мыйзамдын талаптарынын сакталышы боюнча Биринчи май районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгына текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүдө, 2021-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи май районунун мамлекеттик нотариалдык конторасынын мамлекеттик нотариусу тарабынан А.Э. аттуу жаран каза болгондон кийин, анын жашы жете элек 9 балдарынын ортосундагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү мурастоо жөнүндө күбөлүктөрү берилип, бирдей бөлүштүрүлгөн.
Бирок, ошол эле күнү жетим балдардын камкорчусу Ж.Н. тарабынан мураска калтырылган мүлктү алдын-ала пайдасыз ыктыярдуу бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу түзүлүп, ага ылайык 3 томолой жетим жашы жете элек А.Д. (2004-ж. т.), А.А. (2007-ж.т.) жана А.М. (2012-ж.т.) мураска калтырылган мүлккө болгон укугунан толугу менен ажыратылышкан.
Ошону менен бирге, аталган макулдашууну нотариус тарабынан аймактык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын макулдугусуз катталып, жогоруда аталган жетим балдардын мураска калтырылган мүлккө болгон укуктары бузулган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнүн тергөө кызматына тапшырылды.