Акылбек Жапаров: 18 жашка чыккан томолой жетим балдарга 500 миң сомдон төлөнөт

 Акылбек Жапаров: 18 жашка чыккан томолой жетим балдарга 500 миң сомдон төлөнөт

18 жашка чыккан томолой жетим балдарга 500 миң сомдон төлөнөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жалпы жыйынында билдирди.

“Мамлекеттик саясаттын социалдык багытын өнүктүрүүнүн алкагында биз Президенттин Жарлыгын даярдадык, ага ылайык томолой жетим балдарга 18 жашка толгондо 500 миң сом төлөнөт. Учурда өлкөдө 1868 жетим бала бар. Алар үчүн быйылкы жылдан баштап 270 миллион сом банктарга жайгаштырылат. Биздин сиздер менен максатыбыз бир – элибиздин кызыкчылыгын коргоо жана бакубаттуулугун камсыздоо. Кыска мөөнөттүү жана перспективдүү пландар бекитилип, иш жүрүп жатат”, – деди ал.

Связанный пост