Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде жер титирөө катталды
Кыргызстандын чек арасына жакын жерде Казакстандын аймагында 1-апрелде болжол менен саат 12:14тө очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу коңшу Казакстандын аймагында орун алган: Жамбыл айылынан түштүк-чыгышты карай 28 чакырым, Мерке шаарынан түштүктү карай 30 чакырым, Кара-Балта шаарынан түштүк-чыгышты карай 58 чакырым, Бишкек шаарынан түштүк-батышты карай 118 чакырым.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө сезилген эмес.