Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

 Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларында кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-апрелде күтүлүп жаткан жаан чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле:

 

Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),

Бишкек – Ош унаа жолунун 198-255 чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),

Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 74-107 чакырымында,

Ала-Бука – Каныш-Кыя – Кызыл-Адыр унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),

Кызыл-Бел – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымында,

Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Связанный пост