Энергетика министри Токтогул ГЭСиндеги реконструкциялоо иштери менен таанышты
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтеринин реконструкция иштери менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Министр аткарылып жаткан иштерге күбө болуп, 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине өз убагында кирүү үчүн ГЭСтердеги гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштерин өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.
Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСте реконструкция иштеринин аткарылышы:
- объекттин машина залында турбиналык вал менен суу-барасын жупташтыруу;
- ГА-1 муздатуу системасынын түтүктөрүн 707-713м деңгээлде демонтаждоо, монтаждоо жана ширетүү;
- генератордун роторунун спицинде ширетүү жана жылмалоо иштери жана майдалоочу жерлерди сырдоо;
- генератордун үстүнкү валына дүүлүктүрүүчү ток өткөргүч шиналарды коюу үчүн кронштейндер чогултулуууда;
- түтүктөрдү орнотуу үчүн бетонду демонтаждоо;
- эски төмөнкү басымдагы кысылган аба системасынын түтүктөрү демонтаждоо;
- күч трансформаторунун өткөргүч линиялары жана генераторду ажыратуучу жайдын деңгээлинде демонтаждоо;
- 718.00-724.00 м деңгээлинде дүүлүктүрүү тутумунун панелдери жана дүүлүктүрүү тутумунун өткөрүүчү шиналары демонтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат.