Кыргызстанда бир аптада коронавирустун 6 учуру катталды
Кыргызстанда акыркы бир аптада коронавирус инфекциясынын 6 учуру катталды.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1 жана Чүй облусунда 3 учур аныкталган.
Адистер республикадагы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекция жана COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда.
Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.