Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда сасык тумоонун жогорку көрсөткүчү белгиленди

 Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда сасык тумоонун жогорку көрсөткүчү белгиленди

Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккандардын саныны төмөндөөсү уланууда.

Оперативдик маалыматтарга ылайык, акыркы жумада республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун 5 миң 449 учуру катталды, бул мурунку жумага салыштырмалуу 19,2% аз.

Ооругандардын ичинен 66,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Октябрь айынан тарта 1746 бейтаптан анализ алынды, лабораториялык изилдөөнун жыйынтыгы боюнча эпидсезон сасык тумоонун А/Н3N2 түрү менен негизделет.

“Мындан сырткары, курч респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы да байкалууда, алардын ичинен көбүрөөк риновирус 32,8%, респиратордук-синцитиалдык вирус 25,3%, парагрипп 17,3% жана башка вирустар 24,6% түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

Оорунун жогору көрсөткүчтөрү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда катталды, и.к.173,0; 138,8 жана 124,0 түздү.

Республика боюнча КРВИ жана сасык тумоонун эпидкырдаалына мониторинг жүргүзүү уланууда.

Связанный пост