ЖК мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев 19-апрелге чейин камакта калтырылды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев 19-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сот Жолдошбаевге карата чечимди 22-февралда УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен чыгарган.
Эскерте кетсек, 21-февралда УКМК тарабынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Беш-Сары” ЖЧКсынын негиздөөчүсү салык төлөөдөн качуу жана алдамчылыкка шектелип кармалган.