Айыл чарба министрлигинде дээрлик жарым млрд сомдук финансылык бузуулар аныкталды

 Айыл чарба министрлигинде дээрлик жарым млрд сомдук финансылык бузуулар аныкталды

Айыл чарба министрлигинде, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө финансылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.

16-февралда Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында, 2021-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет каралды.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы 472 млн 357,2 миң сомдук финансылык тартип бузуулар жана кемчилдиктер аныкталды:

  • каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кем чыгуулар – 60 млн 147,1 миң сом;
  • бюджеттин кошумча кошуп эсептелген кирешелери – 943,8 миң сом;
  • Соцфонддун кошумча кошуп эсептелген кирешелери – 760 миң сом;
  • бюджеттин чыгымдар бөлүгү жана башка төлөмдөр боюнча бюджеттин жоготуулары – 76 млн 19,5 миң сом;
  • рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 289 млн 485,6 миң сом;
  • эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу – 45001,2 миң сом.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда сатылып алынган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн жана жер семирткичтердин 2022-2023-жылдары керектөөчүлөргө сатылышына жана таратылышына утурлама аудиттин жыйынтыгында аныкталган 214 млн 397,9 миң сом жоготуулар боюнча маалыматтар Ички иштер министрлигине укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлөт.

Связанный пост