Кара-Сууда чет элдик жарандан опузалап акча талап кылган шектүү кармалды
Кара-Сууда чет элдик жарандан опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.
2024-жылдын 12-февраль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгына Кытай Эл Республикасынын жараны 1969-жылы туулган Л.Ч арыз менен кайрылган. Анда Азам аттуу жаран “сен 58 000 (элүү сегиз миң) АКШ долларын беришиң керек”- деп коркутуп, опузалап акча талап кылып жатканын билдирген.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2024-жылдын 17-февраль күнү опузалап талап кылган акчаны алып жаткан жеринен кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1971-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, камакка алынды.
Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.