Карантиндик жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чаралар бекитилди

 Карантиндик жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чаралар бекитилди

Министрлер кабинети кезектеги отурумдун жүрүшүндө карантиндик жана фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чараларды бекитти.

Атап айтканда, төмөнкүлөр бекитилди:

  • Фитосанитардык чараларды колдонуунун тартиби – билдирүү;
  • Карантиндик объекттер менен булганган карантинге алынган продукцияны алып коюу, жок кылуу жана кайтаруу боюнча фитосанитардык чараларды колдонуунун тартиби;
  • Карантиндик объекттер тарабынан карантинге алынуучу продукциянын, карантинге алынуучу объекттердин инфекциясынын жана (же) булгануусунун белгилери табылгандыгы жөнүндө өсүмдүктөрдүн карантини жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик аткаруу органына билдирүүнүн тартиби;
  • Кыргыз Республикасынын аймагынын карантиндик фитосанитардык абалына мониторингди уюштуруунун тартиби.

Связанный пост