Инвестицияларды тартуу жана башкаларды жөнгө салуучу КР мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

 Инвестицияларды тартуу жана башкаларды жөнгө салуучу КР мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Президент Садыр Жапаров инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, туризмди, авиацияны, лицензиялык-уруксат берүү системасын өнүктүрүү маселелерин жөнгө салуучу, ошондой эле мамлекеттик органдардын ашыкча контролдоо функцияларын алып салуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча эксперттик-жумушчу топту түзүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Аталган эксперттик-жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:

 

президенттин администрациясынын, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү;

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун, “Бишкек” эркин экономикалык аймагы” мекемесинин, Эл аралык ишкерлер кеңешинин өкүлдөрү.

Эксперттик-жумушчу топ 2024-жылдын 1-ноябрына чейин өз ишин бүтүрүп, тиешелүү ченемдик укуктук актыларды КР президентинин администрациясына киргизүү боюнча тапшырма берилди.

Связанный пост