МСК январда 22,3 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январында 22 млрд 373,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.
МСКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, белгиленген план 1 млрд 88,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды.
2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 млрд сомго көп жыйналган.
Анын ичинде 16 млрд 498,7 млн сом суммасында салык жана төлөмдөр жыйналып, план 3,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу 3,2 млрд сомго көп.
Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 5 млрд 874,6 млн сомду түздү. Белгиленген пландан 1 млрд 84,6 млн сомго көп жыйналды.Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 1,2 млрд сомго көп.