Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 319 МВт түздү
Бүгүн, 7-февралга карата Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 319 МВт түздү. Бул тууралуу Бишкек ЖЭБинин башчысы Алпбек Садыров билдирди.
Анын айтымында, учурда 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат.
«Бишкекжылуулуктармактарына» өндүрүп берилген суунун температурасы 58 градустан 68 градуска чейин жетүүдө. Электр энергиясын иштеп чыгаруу 7,5 млн кВт саат түздү», – деп кошумчалады ал.