Финансы министрлиги: 2024-жылга “Санариптик экономикага” 600 млн сом каралды
2024-жылга Кыргызстанды санариптик трансформациялоонун алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн “Санариптик экономикага” 600 млн сом каралды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.
Ал эми 2023-жылы “Санариптик экономикага” Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоонун алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 500 млн сом суммасында каражат каралган.
Финансы министрлигинин кабыл алынган чечимдери:
-КР МК 23.03.2023-ж. №166-тескемеси, 100 млн сом өлчөмүндө;
-КР МК 18.04.2023-ж №188-тескемеси, 46,8 млн сом өлчөмүндө;
-КР МК 13.06.2023-ж №326-тескемеси 9,4 млн сом өлчөмүндө;
-КР МК 12.07.2023-ж №424-тескемеси 237,6 млн сом өлчөмүндө;
-КР МК 31.10.2023-ж №663-тескемеси 105,9 млн сом өлчөмүндө.
Бөлүнгөн каражаттар жаңы маалыматтык системаларды иштеп чыгууга, колдонуудагы маалыматтык системаларды модернизациялоого, ошондой эле маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборун курууга багытталган.