Улуттук тарых музейинин фонду акын Элмирбек Иманалиевдин коллекциясы менен толукталды
Улуттук тарых музейинин фонду акын Элмирбек Иманалиевдин коллекциясы менен толукталды. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.
Белгиленгендей, музейдин фондуна аңызга айланган акындын колу ойногон комузу, аманат кылган ырлар жыйнагы, кѳзгѳ үйүр алган сахна чепкени, эл ыроологон күбѳлүктѳрү, сыйлыктары менен эстеликке калган сүрѳттѳрү тапшырылды.
“Арстанбек, Жеңижок, Эшмамбет, Токтогул сындуу алп акындардын жолун улап, катарын калыңдаткан акын импровизатор, обончу, дастанчы, манасчы, актер, «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана эл аралык сынактардын жеңүүчүсү Элмирбек Иманалиевдин сакталууга алынган кѳзгѳ басар буюмдары музейдин мурасына айланат”, – деп белгилешти музейден.