ИИМ: Видеокамералар аркылуу 5,6 миң кылмыш жеринде аныкталды
Укук бузууларды аныктоо жана ыкчам чараларды көрүү максатында,коомдук жайларда 3 миңге чукул видеокамера орнотулуп, 800дөн ашуун видеокамера министрликтин Ыкчам башкаруу борборуна онлайн көзөмөлдөө үчүн кошулган. Алардын арасында издөөдө жүргөн кылмышка шектүү жарандарды жүзүнөн тааный турган камералар да бар. Өлкөдөгү бардык аймактарда криминогендик кырдаал онлайн режиминде бирдиктүү ыкчам башкаруу борбору аркылуу көзөмөлгө алынып видеокамералар аркылуу 5 миң 600 кылмышты жеринде аныктап, бөгөт коюуга жетиштик, ар бирине мыйзам чегинде чечимдер кабыл алынды.
Видеокамералардын жардамы менен 3000 миңге чукул кылмыш ачылды. Издөөдө жүргөн 800дөн ашык, анын ичинен Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 100 кылмышкер кармалды. 150 дайынсыз жоголгондор аныкталды, 200дөй ар кандай тартип бузуулардын, мушташтарды болтурбай алдын алуу аракеттери көрүлдү. Ички иштер министрлигинде атайын Мониторинг борбору түзүлүп, анда мультимедиялык жабдуулардын комплекси орнотулуп аймактык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү, нөөмөттүк бөлүктөр жана убактылуу кармоочу жайларда 322 видеокамера менен көзөмөлгө алынып коопсуздук системасын түзүүгө жетиштик.
Натыйжада, камакта отурган же убактылуу кармалып турган адамдар арасында өз жанын кыюу, өз ара мушташуу же кыйноолорго дуушар болуу сыяктуу терс көрүнүштөрдүн алдын алууга шарттарды түздүк.Учурда Ички иштер министрлиги дагы кошумча видеокамераларды орнотууну колго алууда. Ички иштер министрлиги заманбап сервердик жабдуулары жана видеорегистраторлору бар 780 планшет сатып алды. Мындан тышкары, 40 миллион 297 миң сомдон ашык суммага 900 даана бодикамералар заряддагычтары менен, 400 планшет сатылып алынып, аймактык тескөөчүлөр менен жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгын кызматкерлерине берилди. Жакында эле жалпы суммасы 69 миллион 862 миң сомдон ашык 735 даана санариптик радиостанция алынды.