Энергетика министрлиги: Бишкек ЖЭБинде төрт от казан агрегаты иштеп жатат
Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) учурда 3,4,9,11 от казан агрегаттары иштеп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, ошол эле учурда 12 жана 13-казан агрегаттары күйүүдө.
Учурда ЖЭБ 230 МВт жүк көтөрүүдө.
Температура + 44 градус, казан агрегаттары ишке кирген сайын жылуулук тармактарына берилген ысык суунун температурасы жогорулайт.