УКМК Ысык-Көлдөгү дагы бир жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарды

 УКМК Ысык-Көлдөгү дагы бир жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарды

Мурда “Ак-Жол Болсун” ЖЧКсына таандык болгон 0,2275 га чарбалык жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Жер тилкеси мыйзамсыз алынган жерлерди кайтарып алуу боюнча мамлекет жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында кайтарылган.

 

Тактап айтканда, аянты 2275 чарчы метр жер тилкесин кайтарып берүү жөнүндө доо биринчи инстанция (Ысык-Көл облусунун административдик соту) жана экинчи инстанция (Ысык-Көл облусунун сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясы) сметалык баасы 13 млн 760 миң 900 сом мамлекеттин балансында толугу менен кайтарылды.

Связанный пост