Башкы прокурор: Кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоодо мыйзам бузуулар аныкталган жок
Аскер прокуратурасы кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоодо мыйзам бузууларды тапкан жок. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында билдирди.
Анын айтымында, атайын операциянын жүрүшүндө Көлбаев куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин жок кылынган.
“Ошол күндөн тарта биз кармоонун жана аны жок кылуунун мыйзамдуулугун көзөмөлгө алдык. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин аракеттеринде мыйзам бузуулар аныкталган жок. Иш УКМКга өткөрүлүп берилди. Эгер чекисттер тарабынан бузуулар болгондо Аскер прокуратурасы иш жүргүзмөк. Андай фактылар аныкталган жок”, – деди ал.