Президент Казакстандын премьер-министринин орун басары Мурат Нуртлеуну кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-январда, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну кабыл алды.
Тараптар кыргыз-казак көп пландуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, ошондой эле соода-экономикалык ишмердүүлүктү активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул максаттарда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашырууда күч-аракеттерди бириктирүү сунушталды.
Мамлекет башчысы эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен айтып, боордош Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чечилбеген маселелер болбошу керектигин баса белгиледи.
Өз кезегинде Казакстандын Премьер-министринин орун басары – Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттин экономикалык жана институционалдык өнүгүүсү боюнча алган курсу оң натыйжаларды берерине ишенимин билдирди.
Ал белгилегендей, Казакстанда боордош Кыргызстандагы окуяларга кылдат көз салып, белгиленген реформаларды ишке ашыруу боюнча стратегиялык багытты толугу менен колдошот.
Жолугушуунун аягында тараптар боордош элдердин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелердин мындан ары ырааттуу жана жемиштүү өнүгүшүнө ишенимин билдиришти.