Акылбек Жапаров: 2023-жылы тарыхый этаптан өттү – өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомду түздү
2023-жылы тарыхый этап өттү. Өлкөнүн ИДПсы 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомду түзүп, өсүү темпи 6,2%ды түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.
Белгилей кетсек, жыйынга КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле райондук администрациялардын башчылары-акимдер катышты.
«Өткөн жылы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын өсүшү 6,5% түздү. Бирок Улуттук статистика комитети такталган жыйынтыктарды жарыялады, ага ылайык ИДПнын өсүү темпи 2022-жылы 9%ды түздү. Ошентип, 2023-жылы 6,2% өсүү темпи тактоодон кийин бир топ жогору болот деп ишенебиз. Эл аралык институттар да жакшы баа беришти. Негизги каржы институту болгон Эл аралык Валюта Фонду “Кыргыз Республикасынын экономикасы 2022-жылы жакшы көрсөткүчкө ээ болуп, 6,3% өсүү темпин камсыз кылды, бул 2013-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч, ошондой эле уюм 2023-2024-жылдарга оң прогноздорду да берди», — деди Министрлер Кабинетинин башчысы.
Акылбек Жапаров 2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомдон ашык сумманы түзсө, 2024-жылы 600,7 миллиард сом пландалып жатканын кошумчалады. Жалпысынан 2020-жылга (248 млрд) салыштырмалуу 2024-жылы бул көрсөткүч 353 млрд сомго көп болот (2021, 2022, 2023 – 2,5 жылда 329 млрд сомго көп).
«2030-жылга карата ИДПны 30 млрд долларга жеткирүү үчүн жыл сайын 9-11,5% өсүү темпин басып өтүү керек. Албетте, мындай темпти сактап калуу кыйын, бирок ага жетише алабыз. Жетишүү үчүн 200 миллиард доллар чегинде жетүү үчүн ИДПнын өсүү темпи жылына орточо 10,3% болушу керек», – деди ал.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишинде жогорку көрсөткүчтөрдүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Жаңы жумуш орундарын түзүү артыкчылыктуу милдет», – деп өз сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.