Кара-Сууда региондор аралык кастыкты козуткан жаран кармалды

 Кара-Сууда региондор аралык кастыкты козуткан жаран кармалды

Кара-Сууда региондор аралак кастыкты козуткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда “Facebook” социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу өзүнүн жеке баракчасына региондор аралык кастыкты, араздашууну козутууга багытталган материалдарды жүктөгөндүгү тууралуу маалымат алынган.
Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Тийиштүү экспертизанын корутунудусуна ылайык, баракчанын ээси Г.А. аттуу жарандын социалдык тармакка жүктөгөн билдирүүсүндө региондор аралык кастыкты козуткан лингвистикалык бирдиктер камтылгандыгы аныкталган. Топтолгон материалдын негзинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1981-жылы туулган Г.А. аттуу тургуну камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.

Связанный пост