Кыргызстандын 130га жакын айыл округу жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат

 Кыргызстандын 130га жакын айыл округу жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат

Январдын аягына чейин Кыргызстандын төрт облусунун 128 айыл округу оптикалык була кабели менен камсыздап, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырылат. Бул тууралуу “Кыргызтелекомдун” басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, Талас облусунун Айтматов районунда, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунда Digital CASA долбоорунун 2-этабы ийгиликтүү аяктады.

“Бүгүнкү күндө “Кыргызтелеком” ААК негизги подрядчы катары 128 айыл округун оптикалык була кабели менен камсыздап, жогорку ылдамдыктагы интернетке туташтырууга даярдады, анын ичинде алыскы аймактар да бар”, – деп айтылат маалыматта.

Digital CASA долбоору аймактагы кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган жана азыртадан эле оң натыйжаларды көрсөтүүдө.

Связанный пост