2023-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн иш жүзүндөгү натыйжалары 106,2 %ды түздү
2023-жылдын январь-декабрь айларындагы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын номиналдык көлөмү 1 228,9 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 106,2 %ды түздү (2022-жылдын январь-декабрь айларында – 109,0%). Жетишилген көрсөткүч өлкөнүн экономикасынын тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча максаттуу аракеттердин натыйжасы болуп саналат. Бул тууралуу КР экономики жана коммерция министри Данияр Амангелдиев “Кабар” агенттигинде билдирди.
Министр белгилегендей, 2023-жылга Министрлер Кабинетинин деталдуу иш-чаралар планы кабыл алынып, экономикалык өсүштү, финансылык туруктуулукту камсыз кылууга, ошондой эле фискалдаштыруу, салык жана бажы жол-жоболорун башкарууну камсыз кылууга, өнүгүү үчүн чөйрөнү түзүүгө, өнүгүүнүн экономикалык артыкчылыктарына, кризиске каршы чараларды аткаруунун эсебинен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталды.
Бул пландарда каралган иш-чаралардын алкагында 2023-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн иш жүзүндөгү натыйжалары 106,2 %ды түзүп, жогорку деңгээлди көрсөттү.
Мындай жогорку темпте өсүштүн маанилүү шарты болуп,
биринчиден, салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу жана администрациялоо боюнча кабыл алынган олуттуу иш чаралар саналат.
Кабыл алынган чаралардын негизинде салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу жана администрациялоо боюнча кабыл алынган чаралардын натыйжасында кирешелерди чогултууну кыйла жакшыртууга мүмкүн болду, демек 2023-жылдын январь-декабрь айларында салыктык жана бажылык түшүүлөр 296,5 млрд сомду түзүп, анын ичинде дээрлик 185,0 млрд сому салык кызматы тарабынан, ал эми 111,5 млрд сому бажы төлөмдөрүнөн камсыз кылынды.
Ошондой эле, салык төлөөчүлөрдүн базасы көбөйдү, мисалы салыктык жана бажы түшүүлөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,6 пайызга же 65,9 млрд сомго көбөйдү.
экономикалык жөнгө салуу чараларын, ошондой эле акча-кредит саясатынын инструменттеринин кеңири спектрин колдонуу боюнча чаралардын алып баруусу инфляциянын деңгээлин акырындык менен төмөндөшүнө өбөлгө түздү. Жылдын жыйынтыгында инфляциянын деңгээли 7,3 пайызды түздү.
Үчүнчүдөн, финансылык тартипти талаптагыдай көзөмөлгө алуунун жана чыңдоонун натыйжасында мамлекеттик компаниялардын жана ишканалардын ишинин көрсөткүчтөрү жакшырды.
Мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун таза кирешеси 28,3 млрд.сомдон ашып, дивиденд түрүндө республикалык бюджетке 16,8 млрд сомдон ашуун каражат которулду.
Ал эми мамлекеттик ишканалардын таза пайдасы 2023 жылдын жыйынтыгы боюнча 4,1 млрд сомдон ашты.
2023-жылы экономикалык өсүшкө дем берүүгө бир топ салык саясатынын алкагындагы чакан ишкерликтин субъекттерине колдоо көрсөтүүгө, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүүгө, Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө, ошондой эле ак-ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүүгө жана экономиканын көмүскө жагын кыскартууга багытталган 33 ченемдик укуктук актылар кабыл алынган, алардан:
– Чакан ишкерликтин субъекттерине колдоо көрсөтүү, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү, Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ошондой эле ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө курамын кыскартуу максатында салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди;
– Инвестицияларды тартууга дем берүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, ошондой эле жалпы декларациялоого өтүү боюнча даярдык иштерин жүргүзүү максатында Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө мыйзамы кабыл алынды;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна акциз салыгы, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташып кирүүдө (импорттоодо) салык салуу, эсеп-фактураны колдонуу, энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилди;
– Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоор узартылды;
– Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааларды турукташтыруу максатында импорттоочунун түздөн-түз өсүмдүк майына кайра иштетүү үчүн арналган сырьенун КНСтин нөлдүк ставкалары жана өсүмдүк майын салык салынуучу беримдер боюнча нөлдүк ставкалар белгиленген жана өсүмдүк майына салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз өлчөмүндө жеңилдик жоюлган;
– 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы Баткен облусундагы Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы окуялардын натыйжасында жабыр тарткан жарандарга жана ишкер субъекттерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча чаралар көрүлдү.