ӨКМ: Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөө уланууда

 ӨКМ: Аламүдүн коктусунда жоголгон жаранды издөө уланууда

Аламүдүн коктусунда дайынсыз жоголгон жаранды издөө иштери уланууда.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө иштерине жалпы 195 адам тартылды.

 

ӨКМдин курамында кинологдор болгон 145 куткаруучусу 6 дрон менен, ИИМден 50 кызматкер издөө ишин алып барууда.

 

Эске салсак, 13-январда 28 жаштагы Маматалы уулу Мукамбеталы дайынсыз жоголгон. Ал акыркы жолу 14-январга караган түнү, саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле анын Аламүдүн капчыгайында “Жаннат Резорт” мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

 

Аталган жаранды издөө иши өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

Связанный пост