Кыргызстанда 2023-жылы 13% аз дан эгини бастырылды
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 1,6 млн тонна дан эгини бастырылды (кайра иштетилгенден кийинки салмакта, дан буурчак, күрүч жана гречканы кошпогондо). Бул тууралу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, көрсөткүч 2022-жылга салыштырмалуу 13% аз.
Эгинди чаап-жыйноо көлөмүнүн төмөндөшү өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречихасыз) 14,6 %га азайышы менен шартталган.
Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы абанын аномалдуу жогору температуранын кесепетинен вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы – 25,7%, арпанын жыйымы – 29,2 % кыскарды.
Муну менен катар, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу кант кызылчасынын дүң жыйымынын 32,7%, тамекинин 19,2%, дан жүгөрүнүн 9,2%, жашылча өсүмдүктөрүнүн 4,6%, бакча өсүмдүктөрүнүн 4,2% жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн 1,2% олуттуу өсүшү белгиленди.