“Жашыл Мурас” кампаниясынын алкагында 7,5 млн көчөт отургузулду
2022-жылы Президент Садыр Жапаровдун демилегси менен баштаган Улуттук “Жашыл Мурас” кампаниясынын алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги жалпы республика боюнча 7 572 009 кɵчɵт отургузду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүктүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын өткөрүү максатында 2022-жылдын 31-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №17 Жарлыгынын негизинде 2022-жыл – Тоолордун экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланып, 2022-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 95-т тескемесинин негизинде Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасы бекитилген. “Жашыл мурас” Улуттук кампаниясы аталган Жол картасына киргизилип, аткарууга алынган.
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясы республикабыздын ар бир регионунда ишке ашырылып, жыл сайын өткөрүлүүчү салтка айланып бара жаткан масштабдуу экологиялык акция болуп эсептелинет.
2023-жылга 7 млн даана бак-дарак көчөттөрүн отургузуу пландаштырылылып, “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстан аялдар Кенешинин мүчɵлɵрү, Кыргызстан Эл аралык университетинин студенттери жана окутуучулары, министирликтер, ведомстволор, банктар, жаштар бирикмелери, студенттер бирикмелери, Кумтɵр Голд компани ААК, райондук администрациялар, мэриялар, мекеме, ишканалар жана айыл өкмөттөр арасында бак-дарак көчөттөрүн отургузуу иш-чаралары өткөрүлдү.