Бүгүнкү күндө жазгы айдап себүү үчүн мамлекеттик дотациядагы үрөндүн көлөмү 5,6 миң тоннаны түздү

 Бүгүнкү күндө жазгы айдап себүү үчүн мамлекеттик дотациядагы үрөндүн көлөмү 5,6 миң тоннаны түздү

Бүгүнкү күндө жазгы айдап себүү үчүн мамлекеттик дотациядагы үрөндүн көлөмү 5687 тоннаны түздү. Бул боюнча КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинен билдирди.
2024-жылдын жаздык айдап себүүсүн толук камдуу өткөрүү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн артыкчылыктуу сертификатталган үрөндүк материалы менен камсыз кылуу, айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын үрөн чарбаларына жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрдү өндүрүү максатында Кыргыз Республикасынын «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» мыйзамынын негизинде 2024-жылдын жаздык себүүсүнө республиканын үрөнчүлүк чарбалары тарабынан мамлекеттик дотацияга алдын ала сунушталган артыкчылыктуу үрөндөрүнүн жалпы көлөмү 5687,0 тоннаны түздү, анын ичинен:
– жаздык буудай 2378,0 тонна,
– жаздык арпа 2959,0 тонна,
– эспарцет 5,0 тонна,
– пахта 70,0 тонна,
– жүгөрү 90,0 тонна,
– картөшкө 165,0 тонна,
– беденин үрөнү 20,0 тонна.
Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын жазгы себүүсү Департамент жана республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын ортосунда 32 келишим түзүлгөн. Келишимдин негизинде мамлекеттик дотациялоо жана сорт жаңылоо үчүн коюлган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн көлөмү 3707,7 тоннага жетип, жалпысынан дотациялык сумма 49,4 млн. сомду түзгөн. Анын ичинен 1135,4 тоннасы буудай үрөнү, ал 14,8 млн. сомго, 2319,0 тонна арпанын үрөнү 25,9 млн. сомго, 30,9 тонна жүгөрүнүн үрөнү 2,78 млн. сомго, 7 тонна кара беде үрөнү 735 миң сомго, 30 тонна эспарцеттин үрөнү 1,08 млн. сомго, пахта үрөнү 35,4 тонна, анын дотациялык суммасы 870 миң сомго жеткен. Ал эми картөшкөнүн үрөнү 150 тонна же 3,15 млн. сомду түздү. Жыйынтыгында түзүлгөн келишимдердин негизинде республиканын дыйкан жана фермерлерине 1757,9 тонна айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү 24,66 млн. сомго таратылган. анын ичинен буудай 277,64 тонна 3,64 млн. сомго, арпа 1324,35 тонна 14,79 млн. сомго, жүгөрү 30,52 тонна 2,74 млн. сомго, эспарцет 19,7 тонна 711,2 миң сомго, кара беде 2,27 тонна 291,3 миң сомго, пахта 16,6 тонна 402,3 миң сомго жана картөшкө 86,3 тонна 2,071 млн. сомго таратылган. Үрөн алуучу дыйкан жана фермерлердин саны 1264 түзгөн.

Связанный пост