Былтыр ИДП 6,2% жогорулап, 1,2 триллиондон ашык сомду түздү
Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2023-жылдын январь-декабрь айларында
1,2 триллиондон ашык сомду түздү жана мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштармалуу 6,2% жогорулады.
ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, мурунку жылдын январь-декабрына салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 6,2%, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 3,6%, ал эми продукттарга болгон таза салыктардын өсүү темпи 12,7%, жогорулады.
ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (50,8%) өткөн жылдын жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип 0,2 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн. Товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 32,3% түздү жана 2,9 пайыздык пунктка кыскарган. Муну менен бирге, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өнөр жайдын үлүшү 16,0% түзүп, 1,1 пайыздык пунктка төмөндөдү, айыл чарбасынын үлүшү 9,7% түздү жана 1,3 пайыздык пунктка төмөндөдү.
2023-жылдын январь-декабрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП
Млн. сом | ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери | Жыйынтыкка карата пайыз менен | ||
2022 | 2023 | |||
ИДП | 1 228 898,8 | 106,2 | 100,0 | 100,0 |
Товар өндүрүү тармактары | 396 812,9 | 103,6 | 35,2 | 32,3 |
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук |
118 646,5 | 100,6 | 11,0 | 9,7 |
Өнөр жай | 196 417,8 | 102,7 | 17,1 | 16,0 |
Пайдалуу кендерди казуу | 22 062,1 | 103,1 | 1,8 | 1,8 |
Иштетүү өндүрүшү (Иштетүү өнөр жайы) |
154 878,4 | 102,0 | 13,6 | 12,6 |
Электр энергия, газ, буу жана | ||||
кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) | 16 874,4 | 108,4 | 1,5 | 1,4 |
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу | 2 602,9 | 105,8 | 0,2 | 0,2 |
Курулуш | 81 748,6 | 110,3 | 7,1 | 6,6 |
Кызмат көрсөтүү тармактары | 624 165,4 | 106,2 | 51,0 | 50,8 |
Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо | 194 268,6 | 115,1 | 15,2 | 15,8 |
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо | 36 374,7 | 107,4 | 3,0 | 3,0 |
Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги | 20 712,6 | 122,6 | 1,5 | 1,7 |
Маалымат жана байланыш | 25 342,1 | 106,7 | 2,3 | 2,1 |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү | 347 467,4 | 100,5 | 29,0 | 28,2 |
Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар | 207 920,5 | 112,7 | 13,8 | 16,9 |