Кыргызстандын 354 ишканасы Евразиялык экономикалык биримдиктин Бирдиктүү реестрине киргизилди

 Кыргызстандын 354 ишканасы Евразиялык экономикалык биримдиктин Бирдиктүү реестрине киргизилди

Бүгүнкү күндө 354 ишкана Евразиялык экономикалык биримдиктин Бирдиктүү реестрине киргизилди. Бул тууралуу КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады.
Чет өлкөлөрдүн реестрине төмөнкүлөр кирет:
– Кытай Эл Республикасында (КНР) 11 балчылык жана 13 сүттү кайра иштетүүчү ишканалар.
– Бириккен Араб Эмираттары – 2 мал союучу жай.
– Өзбекстан Республикасы – 39 ишкана.
Ветеринардык кызматтын аймактык түзүмдөр тарабынан 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен 3228 пландык жана плансыз текшерүүлөр макулдашылган анын ичинен 2670 текшерилип, 786 көрсөтмө берилип 1 504 500 сом айып салынган.

Связанный пост