Бишкек-Ош унаа жолуна (Төө-Ашуу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

 Бишкек-Ош унаа жолуна (Төө-Ашуу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды
Бишкек-Ош унаа жолуна (Төө-Ашуу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Мындан улам, Сосновка постунан унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.
Көчкү болжол менен бүгүн, 15-январда түшкү саат 13:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127,5-чакырымына түшкөн.
Кар көчкүнүн көлөмү болжол менен 4000 м3 түзөт. Азыркы тапта Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду кардан тазалап жатышат.
Кошумча маалымат берилет.

Связанный пост