2024-жылы электр энергиясына жалпы 119,6 МВт кубаттуулук кошулат
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги 2023-жылы ГЭСтерди реконструкциялоо, ЧГЭСтерди жана күн электрстанцияларын ишке киргизүү менен электр энергиясынын кубаттуулугун көбөйтө алды.
Алсак 2023-жылы ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо менен 65,6 МВтка, күн электрстанциясын куруу менен 430 кВт, ал эми ЧГЭСти ишке киргизүү менен 6,7 кубаттуулукка көбөйдү. Тактап айтканда, 2023-жылы электр энергиясынын жалпы кубаттуулугу 72,73 МВтты түздү.
Мындан тышкары 58,9 МВт кубаттуулуктагы ЧГЭС суунун көлөмү көбөйсө ишке кирүү алдында турат.
Мунун ичинен мамлекеттик каражаттын эсебинен курулуп жаткан Бала-Саруу ГЭСин ишке киргизүүгө карата ачылыш аземин өткөрүү жакынкы арага пландалууда.
Ал эми 2024-жылы болжолдуу 50,6 МВт кубаттуулуктагы ЧГЭСтерди ишке киргизүү, ошондой эле Токтогул ГЭС, Үч- Курган ГЭСтерин реконструкциялоо менен кубаттуулукту 69 МВтка көбөйтүү пландалууда. Мындан улам, 2024-жылы электр энергиясына жалпы 119,6 МВт кубаттуулук кошулат дегенди билдирет. Энергетика министрлиги тарабынан аткарылып жаткан ар бир иш, таңкыстыктан чыгууга жасалган кадам.