ЖКККББ: Эки күндө терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 14 айдоочу кармалып, 280 миң сомго айып пул салынды
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 20-декабрдан тартып, 31-декабрга чейин, жалпы өлкө аймагында унаалардын маңдайкы же алдыңкы эшиктин каптал айнектерине күңүрттөө түшүрүлөн же терезе парда, ошондой эле тийешелүү уруксатсыз кайра жабдуулар колдонулган транспорт каражаттарын башкарган айдоочуларды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча “Күнгүрттөмө” (тонировка) аталышындагы рейддик профилактикалык иш-чарасы уланууду. Рейддин жүрүшүндө эки күн ичинде өлкө аймагында терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 14 айдоочу аныкталып, жалпы суммасы 280 000 сомго айып пул салынып, унаалары айып короо жайына киргизилди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.