2024-жылы Мамипотекалык компаниянын уставдык капиталы 179 млн долларга көбөйөт

 2024-жылы Мамипотекалык компаниянын уставдык капиталы 179 млн долларга көбөйөт

April 26, 2022, Haian, Jiangsu, China: HAIAN, CHINA – APRIL 26, 2022 – A staff member counts US dollar notes at a bank in Haian, East China s Jiangsu province, April 26, 2022. The People s Bank of China (PBOC), the central bank, decided on Thursday to cut the foreign exchange reserve ratio (RRR) for financial institutions by 1 percentage point from the current 9 percent to 8 percent starting May 15, 2022, in a bid to improve their ability to use foreign exchange funds. (Credit Image: Global Look Press/Keystone Press Agency)

Келерки жылдын I жана II кварталында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) эсебине 100 млн доллар которулат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Амантур Өмүров билдирди.

Анын айтымында, бул «Кыргызстандагы турак жайды каржылоо» долбоору боюнча макулдашуунун алкагында Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражат.

“Мындан тышкары, эмдиги жылы Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бөлүнгөн 79 млн АКШ доллары келип түшөт”, – деди ал.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө уставдык капитал 15,5 млрд сомду түзүп, келечекте донордук каражаттарды тартуу менен дагы көбөйөт.

Связанный пост