Президент элди салыктарды мамлекеттин өнүгүшүнө болгон салым катары кароого чакырды

 Президент элди салыктарды мамлекеттин өнүгүшүнө болгон салым катары кароого чакырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-декабрда, экинчи Элдик Курултайда сүйлөп жатып, элди салыктарды мамлекеттин өнүгүшүнө болгон салым катары кароого чакырды.

 

Акыркы окуялардын негизинде Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн салык төлөөнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу белгилеп өттү.

 

“Көмүскө экономиканын анча-мынча бөлүгүн ачыктоонун аркасында биз пенсияларды, жөлөкпулдарды, эмгек акыларды масштабдуу жогорулатууга, болуп көрбөгөндөй сандагы социалдык объекттерди курууга жана жүздөгөн километр жаңы жолдорду салууга жетиштик.

 

Салыксыз биздин бейпилдигибизди камсыздаган күчтүү армия болбойт, жарандардын социалдык бакубаттуулугу жогорулабайт, сапаттуу медицина жана татыктуу билим да болбойт. Ошондуктан, салыктарды милдеттенме жана мажбурлоо катары эмес, өлкөнүн өнүгүшүнө болгон маанилүү салым катары карайлы. Башка сөз менен айтканда, салык эмес – салым катары кабыл алалы”, – деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Связанный пост