Жаштар жарманкеси өттү

 Жаштар жарманкеси өттү
Бүгүн, 14- декабрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси жана колдоосу менен жаштар уюмдарынын жарманкеси өткөрүлдү.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев жармакенин ачылышында жаштар уюмдарынын ишмердүүлүгүн баалап, активдүү иш алып барып жатышкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирип, мыкты ыктыярчыларга жана уюмдарга мактоо баракчалар менен белектерди тапшырды.
Жаштар уюмдарынын жарманкесине 20дан ашык жаштар менен иштешкен активдүү уюмдар, 300дөн ашык жаш лидерлер жана ыктыярчылар катышты.
Иш-чаранын негизги максаты – бир аянтчага бай тажрыйбасы бар, активдүү жаштар уюмдарын чогултуу жана жаштарга өз ара таанышууга көмөк көрсөтүү, тажрыйба, идея алмашуу болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө ар түрдүү кызыктуу талкуулар, интерактивдик оюндар жана фотозоналар уюштурулду.

Связанный пост