Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда

 Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-декабрда жаап өткөн жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 55-110-чакырымдарында, Каракол–Эңилчек унаа жолунун 45-48 жана 74-90-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Связанный пост