Бишкекте батирлердин баасы 11,13% өстү

 Бишкекте батирлердин баасы 11,13% өстү

2023-жылдын 11-айына карата кыймылсыз мүлк рыногунун активдүүлүгү 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бишкек жана Ош шаарларында ар түрдүү өнүккөн.

Бишкек шаарында сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүнүн саны жеке турак үйлөр боюнча 1,6 пайызга, батирлер боюнча 11,13 пайызга өскөн.

Ош шаарында өткөн жылдын 11 айына салыштырмалуу жеке турак жай рыногунда да (-3,85%) жана батирлер рыногунда да төмөндөө (-9,36%) байкалууда.

2023-жылдын 11 айында 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бишкек шаарындагы батирлердин чарчы метринин наркы 19,3% га өстү.

104-сериялуу эки бөлмөлүү батирлер 23,5% га, 105-сериялуу – 22,5% га, 308-сериялуу – 23,6% га, жеке типтеги батирлер 11,1% га кымбаттады.

104-сериялуу үч бөлмөлүү батирлер 18,1% га, 105-сериялуу-24,4% га, 308-сериялуу-18,1% га, жеке типтеги батирлер 7,1% га кымбаттады.

Жеке типтеги төрт бөлмөлүү батирлер 13,9% га кымбаттады.

2023-жылдын январь–ноябрында 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Бишкек шаарындагы жана Ош шаарындагы жеке турак үйлөр кымбаттады.

Связанный пост