УКМК: Кримтөбөл Рысбек Акматбаевди мыкаачылык менен өлтүргөн кылмыштын бети ачылды

 УКМК: Кримтөбөл Рысбек Акматбаевди мыкаачылык менен өлтүргөн кылмыштын бети ачылды

Кримавторитет Рысбек Акматбаевди мыкаачылык менен өлтүргөн кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү, ошондой эле кылмыштуу чөйрөнүн таасирин бөлүү максатында жасалган буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн сериясына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, көп жыл мурун болгон криминалдык авторитет Рыспек Акматбаевдин өлүмү ачылды.

 

Белгилүү болгондой, 2006-жылдын 10-майында Көк-Жар айылында мечиттин жанынан Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар Р.Акматбаевге куралдуу кол салышкан, Р.Акматбаев башына жана көкүрөгүнө тийген көптөгөн октон алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Связанный пост