Жыл башынан бери Ош облусуна республикалык бюджеттен 1,1 млрд сом бөлүндү
2023-жылдын 11 айында Ош облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 1 млрд 172, 8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен бюджеттер аралык трансферттер:
– теңдөөчү трансферт – 845,3 млн сом;
– ыйгарым укуктарды берүүгө – 62,3 млн сом;
– электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына – 19,8 млн сом;
– башкы план – 55,3 млн сом;
– Чоң-Алай айыл өкмөтүнө (Памирлик кыргыздардын тамак-ашына) – 2 млн сом каралган;
– жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 54,7 млн сом;
– бирдиктүү салыктын ордун толтурууга – 96,6 млн сом;
– Алай району (Талды-Суу а/о) – 5,4 млн сом;
– Өзгөн району (Ак-Жар жана Ийри-Суу а/о) – 18,5 млн сом;
– Ноокат району Көк-Жар айыл өкмөтүнө (2023-жылдын 25-октябрындагы №651-т тескеме КМКР) – 3, 5 млн сом;
– Алай району Үчтөбө айыл өкмөтү (2023-жылдын 27-октябрындагы №656-т тескеме КМКР ) – 9,4 млн сом каралган.