Жыл башынан бери Чүй облусунда 55 соцобъект курулуп, пайдаланууга берилди

 Жыл башынан бери Чүй облусунда 55 соцобъект курулуп, пайдаланууга берилди

Жыл башынан бери Чүй облусунда 55 социалдык объект курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, азыркы маалда 11 объектте курулуш иштери активдүү жүрүүдө, ал эми 7 объект аяктоо стадиясында турат, жалпы 73.

Анын ичинен 17 объект республикалык бюджеттен, 12си жергиликтүү бюджеттен каржыланса, 44 объект кайрымдуулук уюмдарынын эсебинен ишке ашырылууда.

Анын ичинде 15 мектеп имараты, 7 бала бакча, 21 спорт объектиси, 7 фельдшердик-акушердик пункт, 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, 5 социалдык шаарча, 2 реабилитациялык борбор жана 10 суу түтүктөрү менен суу мунаралары.

Связанный пост