Борбор калаадагы мектептер 3 күнгө онлайн режимине өтөт
Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Бишкектеги мектептер 13-15-декабрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде онлайн окутууга өтүшүүдө.
Белгилей кетсек, бала бакчалар штаттык режимде иштей берет, бирок балдардын каалоосу боюнча үйдө калтырса болот.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.