Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Улуттук адабият күнү белгиленүүдө

Бүгүн, 12-декабрда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов баштаган бир катар адабият, илим, искусство, маданият ишмерлери, чет элден келген коноктор менен бирге Чыңгыз Айтматовдун жакындары “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде жазуучунун бейитине гүл коюп, аны эскеришти.

Белгилесек, бүгүнкү күнү Бишкек шаарында “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы, жазуучунун 95 жылдыгына карата ж.б. бир катар маанилүү иш-чаралар өтүүдө.

Связанный пост